Жалал-Абад облусунда “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун бренддик комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Новости
26-Февраль 2024-ж.
788

2024-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору боюнча Бренд-комитеттин кезектеги жыйынын өткөрдү. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен  “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун иш-чаралар планы Кыргыз Республикасында 2023-жылдын 29-майынан 2026-жылга чейин бекитилген. Бренддик комитет Жалал-Абад областындагы БАБП катышкан ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, анда иштелип чыккан БАБП продукциялары көрсөтүлдү.

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкерликке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.

Бренд комитетинин жыйынында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн 5 продукция тандалып алынып, жыйынтыгында Жалал-Абад Бренд БАБП сертификаттары ыйгарылды.

Брендди алган продукциялардын тизмеси:

- Кара өрүк экстракты – Орто-Токой кооперативи;

- Карамелдеги жаңгак – «Тоо Балы Пачата» ишканасы;

- Токтогул балы – “Токтогул токой чарбасы”;

- Кара өрүк конфиси – «Aксы Сан Планет Органик» кооперативи;

- Кургатылган кара өрүк - Аксы Сан Планет Органик кооперативи.

Бренд комитетинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу