Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасында мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамен өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Объявления
26-Февраль 2024-ж.
379

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын “Баалоо иши жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибине ылайык, 2024-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасында мүлктү жана мүлктүк укуктарды баалоочунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна төмөнкү категориялар боюнча квалификациялык экзамен өткөрүү жөнүндө жарыялайт:

- экинчи категориядагы кыймылсыз мүлктү баалоочу;

- экинчи категориядагы кыймылдуу мүлктү баалоочу;

- биринчи категориядагы баалоочу;

- жогорку категориядагы баалоочу.

Квалификациялык экзамен эки тур менен өткөрүлөт.

Биринчи тур теориялык жана практикалык суроолордон турган тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.

Экинчи тур аңгемелешүү түрүндө өткөрүлөт.

Квалификациялык экзаменди тапшырууга жогорку билими бар, баалоо боюнча окутуу курстарынан өткөн, ошондой эле соттуулугу жок, иш стажына коюлган талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет.

Талапкерлер үчүн иш стажына коюлган талаптар:

- экинчи категориядагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү баалоочуга - иш стажына талаптар коюлбайт;

- биринчи категориядагы баалоочуга - баалоо иши жаатында үч жылдан кем эмес иш стажы;

- жогорку категориядагы баалоочуга - баалоо иши жаатында беш жылдан кем эмес иш стажы.


Квалификациялык экзаменге катышуу үчүн талапкерлер Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине (127-кабинет) төмөнкү документтерди беришет:

- белгиленген үлгүдөгү өзү кол койгон арыз;

- паспорттун көчүрмөсү;

- тиркемелери менен бирге жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн). Эгерде диплом чет тилде берилсе, анда мамлекеттик же расмий тилге котормонун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;

- кайра даярдоону ырастоочу документинин көчүрмөсү же квалификациясын жогорулатуу жөнүндө сертификаттарынын көчүрмөсү;

- билдирилген категорияга ылайык баалоо ишинде иш стажын тастыктаган эмгек китепчесинин (акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсү. Чет өлкөлүк талапкерлердин эмгек китепчеси жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн иш стажын тастыктаган документ берилет;

- баалоо жөнүндө эки отчеттун көчүрмөсү же баалоо иши боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар;

- соттолбогондугун жана талапкердин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылбагандыгын ырастоочу, Кыргыз Республикасынын ички иштер коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген документ. Чет өлкөлүк талапкерлер үчүн: жарандык жери боюнча соттолбогондугу жөнүндө маалымкат кошумча берилет;

- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.

Чет мамлекеттин жарандары болгон талапкерлер бул документтердин котормочунун колу менен тастыкталган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормолорун беришет.

Бардык документтер түптөөчүдө берилет, анын алдыңкы бетинде аты-жөнү көрсөтүлөт.


Документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 12-апрели саат 18:00.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу