Лицензиялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО

Объявления
19-Февраль 2024-ж.
281



Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталгандыгы жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы:

Кыргыз Республикасынын соода түйүндөрүндө сатылуучу, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна жогорку даражадагы коркунуч келтирген контрафактылык алкоголдук продукциялардын олуттуу көлөмүнүн болушу проблема болуп саналат.

Өлкөнүн калкына сапаттуу алкоголдук продукциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында алкоголдук продукцияларды сатуу лицензияланууга тийиш болгон иштердин түрлөрүнүн тизмесине киргизилген. Алкоголдук продукцияны жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу соода түйүндөрү “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча талаптарга ылайык келген алкоголдук продукцияны сатып алууга, андан кийин акыркы керектөөчүгө сатууга милдеттүү болгон.

Ошону менен бирге, Мамалкоагенттиктин маалыматы боюнча азыркы учурда алкоголдук продукцияны сатуу боюнча лицензиялык ишмердүүлүктү 11 миң 129 соода объектиси гана жүргүзүп жатат, анын ичинде: 7475 дүкөн; 1677 кафе, ресторан; 1512 павильон; 417 дүң кампа; 48 алкоголь тармагындагы ишкана. Бирок республикада алкоголдук продукцияларды сатуу түйүндөрү бир эсе көп. Алкоголдук продукцияны лицензиясыз сатууну жүзөгө ашырган соода түйүндөрү жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарын сактабайт жана ошону менен алкоголдун зыяндуу таасирин кыскартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга тоскоолдук кылат.

Ченемдик укукттук актылардын талаптарына ылайык лицензия алуу үчүн ишкер башка документтердин катарында ыйгарым укуктуу органга соода жайына укук белгилөөчү документтерди, ал эми аны ижарага алган учурда – ижара келишимин берүүгө милдеттүү. Өз кезегинде, мындай келишимди түзүү үчүн жайдын менчик ээси жеке ишкер катары каттоодон өтүшү керек, бул бир катар себептерден улам бүгүнкү күндө дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Белгилүү болгондой, соода объектилеринин басымдуу бөлүгү ижара шартында иштейт жана көпчүлүк учурларда жайдын ээси келечекте аны жоюунун проблемалуулугунан улам жеке ишкердин статусун тариздөөгө кызыкдар эмес. Негизинен ушул себептен улам, чакан жана орто бизнес дайыма эле лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтердин топтомун чогултуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Туристтик сезондо убактылуу негизде иштеген стационардык эмес соода пункттарында айрым татаалдыктар пайда болот.

Лицензия алууга мамлекеттик алымдын ставкаларын аныктоо методикасы өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, алар бүгүнкү күндө объекттин соода аянтынын өлчөмү боюнча белгиленет. Мисалы, аянты 50 чарчы метрге чейин болсо, лицензиянын баасы 5 000 сом, 100 чарчы метрге чейин – 20 000 сом, 200 чарчы метрге чейин – 50 000 сом, 200 жана андан ашык чарчы метрге – 200 000 сом.

Биздин пикирибиз боюнча лицензиянын баасын аныктоонун мындай принциби туура эмес, басмырлоочу мүнөзгө ээ жана түздөн-түз коррупциялык тобокелдиктерди жаратат. Атап айтканда, иштин бул түрүн лицензиялоонун негизги максаты, баарыдан мурда, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо болуп саналат.

Жогоруда аталган проблемалардын жыйындысы алкоголдук продукцияны жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Мындай шарттарда мамлекет майда жана орто бизнестин мыйзамсыз абалга өтүшүнө белгилүү бир деңгээлде көмөк көрсөтүп, ошону менен бирге мыйзамсыз өндүрүлгөн продукцияга суроо-талапты кыйыр түрдө жогорулатарын моюнга алуу зарыл.

Ушуга байланыштуу лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин, ошондой эле бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдардын ставкаларын кайра карап чыгуу жолу менен алкоголь рыногун жөнгө салуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгууда.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

Алкоголдук продукцияларды чекене сатууга лицензияларды алуу процессин жөнөкөйлөштүрүүнүн максаты алкоголдук продукцияларды жүгүртүү чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, контрафакттык продукцияларды болтурбоо, республикалык бюджетке салык төлөмдөрүнүн толук түшүүсүн камсыз кылуу, калктын ден соолугун коргоо болуп саналат.

Алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү өлкөнүн соода түйүндөрүн лицензиялар менен 100% камтууга мүмкүндүк берет. Ошону менен контрафакттык алкоголдук продукцияны зыяндуу пайдалануудан жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн шарттар түзүлөт.


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо:

Лицензияларды берүү жөнөкөйлөштүрүлгөн учурда лицензиаттардын санынын көбөйүшү болжолдонот. 2023-жылы төлөнгөн 46 млн 950 миң сом суммасындагы жыйымдарды 4695 жеке ишкер ар бир лицензия үчүн 100 эсептик көрсөткүчтүн жыйым ставкасын төлөөдө төлөй алат. Алкоголдук ичимдиктерди саткан 30 миңге жакын соода түйүндөрү бар, алардын ичинен 1/3 бөлүгү лицензияланган, анда жергиликтүү бюджеттерге жыл сайын түшүүлөр бир нече жыл ичинде 50 млн сомду түзөт.


4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

1) контрафактылык продукциялардын жүгүртүлүшүн кыскартууга оң таасирин тийгизет, б.а. лицензиаттар тарабынан лицензиялык шарттардын сакталышынан улам мыйзамсыз алкоголдук продукциялардын жүгүртүлүшүнүн төмөндөшүн болжолдоого болот;

2) бюджеттин киреше бөлүгүнө тийгизген таасири оң деп болжолдонууда, анткени алкоголдук тармакты мамлекеттик контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошону менен салыктык эмес киреше түрүндө 50 млн сомго жакын кошумча түшүүлөр болжолдонууда.


5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

30 миңге жакын субъект


6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Кошумча чыгымдар болжолдонбойт. Мында лицензия алуу процессин жөнөкөйлөтүү жана лицензиялык жыйымдардын ставкаларын кайра кароо лицензиялар менен соода түйүндөрүнүн максималдуу санын камтууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде лицензиялык талаптарга ылайык алкоголдук продукцияны сатууну камсыз кылат.


7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Лицензияларды берүү процессин жөнөкөйлөтүүдө жергиликтүү бюджеттерге салыктык эмес кирешелердин 50 млн сомго жакын суммада түшүүсү болжолдонууда


2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылы арак жана Луи сатуунун көлөмү 30 млн 260 миң литрди түзгөн. Ошол эле учурда, берилген декларацияларга ылайык, 2023-жылы бул продукцияны өндүрүү жана импорттоо көлөмү 18 миллион 702 миң литрди түзгөн. Демек, мыйзамсыз жүгүртүүдө 11 миллион 558 миң литр бар. Акциз боюнча республикалык бюджетке эсептик түшүүлөр 1 млрд 849,3 млн сомду түзөт. Ошентип, мыйзамсыз жүгүртүү жарандардын ден соолугуна гана эмес, мамлекеттик бюджетке да олуттуу зыян келтирет. 

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

arv_2012@mail.ru

- почта дареги 

Бишкек шаары, Чуй проспекти, 106

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

(27.02.2024-ж.)

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

(28.02.2024-ж.)


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу