“Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору боюнча Нарын районунун бренд комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү

Новости
16-Февраль 2024-ж.
970

2024-жылдын 14-январында Аймактар аралык бөлүм Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте Нарын облустук улуттук экономикалык  «Бир айыл - бир продукт» Бренд-комитетинин төртүнчү жыйынын өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 29 “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” Жарлыгын жана “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы 2026-жылга чейин бекитилген буйругу менен Бренддик комитеттин Нарын облусундагы БАБП катышуучусу ишкерлер менен жолугушуусу болуп, анда иштелип чыккан БАБЛ продукциялары көрсөтүлдү.

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкерликке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.

Бренддик комитеттин жыйынында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн 13 продукция тандалып алынып, жыйынтыгында Нарын-Бренд товардык белгиси ыйгарылып сыйланган.

Нарын облусунун бренди менен 9 сертификат тапшырылды.

БАБП брендин алган ппродукциянын тизмеси:

Таштан жасалган сувенирлер;

 «Ат-Башы» печеньеси;

 Карагаттын экстракты;

Карагат порошок;

Бал, карагат жана чычырканак суусундугу;

Сарымсак порошок;

Сафлор майы;

Дандан, карагаттан жана чычырканактан жасалган мармелад;

Дан порошок

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу