Семинар-тренинг өткөрүлдү

Новости
15-Февраль 2024-ж.
987

Кыргыз  Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыктын   Нарын  аймактык  бөлүмү     Нарын облусундагы   5 райондун   жана   Нарын шаарынын  социалдык-экономикалык өнүгүү  боюнча Программаларын  иштеп чыгуу боюнча 2024-жылдын 8-февралында жана 14-февралында  тренингдерди өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар  аралык башкармалыгынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен биргеликте Нарын облусундагы   5 райондун   жана   Нарын шаарынын  социалдык-экономикалык өнүгъъ  боюнча Программаларын иштеп чыгуу маселелерин талкуулады. Атап айтканда, бул Программанын зарылчылыгы, анын иштеши жана келечеги тууралуу сунуштар айтылды. Жыйынга ошондой эле Нарын облусунун район жетекчилери, акимдин биринчи орун басарлары,социалдык-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. 

Семинар-тренингге Нарын облусунун 5 районунун жана  Нарын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүү  боюнча программаларын  иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун   кызматкерлери  да катышып, программаны иштеп чыгуу боюнча тиешелүү билимдерди жана практикалык кѳндүмдѳрдү алышты.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бѳлүмүнүн жетекчиси жана кызматкерлери   стратегиялык пландарын иштеп чыгуусуна зарыл болгон практикалык сунуштарды жана жардамдарды кѳргѳзүшүп, кызыккан суроолоруна так жана компетенттүү жоопторду беришти.

Жыйынтыгында Нарын облусунда жүргүзүлүп бүткɵн   административдик-аймактык реформанын алкагында 5 райондун жана шаардын социалдык-экономикалык ɵнүгүү программалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин  « Региондук деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуунун  усулдук   колдонмосунун» жана “Шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык ɵнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмосунун” негизинде   Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бѳлүмүнүн жетекчиси жана кызматкерлеринин жардамы менен    иштелип чыгууда. 

Мындан ары дагы иштелип чыккан ɵнүгүү программаларга бɵлүмдүн кызматкерлери тарабынан усулдук колдонмого ылайык мониторинг жүргүзүп турмакчы. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу