БТБ аркылуу электрондук арыз берүүнүн ыкмалары жөнүндө

Новости
12-Февраль 2024-ж.
927

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 10-февралынан тартып «Бирдиктүү терезе» маалымат тутуму (БТБ МИ) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген кызматтык жана жарандык куралды, анын тетиктерин жана патрондорун ташып келүүгө жана алып чыгууга электрондук корутундуларды берүү функцияларынын өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизилгендигин билдирет.

Корутундуну алуу үчүн БТБ аркылуу электрондук арыз берүүнүн ыкмалары: 

1) БТБ МИ оператору аркылуу - арыз берүүчү Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборлорунда жайгашкан ЦЭО МКБнын операторлору менен байланышуусу керек. Ибраимова, 152 (КСК, 2-кабат) жана Ош шаары, Масалиев пр.75.

2) Өз алдынча – арыз ээси https://swis2.trade.kg/en/login шилтемеси аркылуу жана «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр аркылуу кирүү» бөлүмүндөгү башкы бетке өтүп, каттоодон өтүшү керек. Андан кийин, мамлекеттик кызматтар порталында авторизациялоо ыкмаларынын бирин тандоо керек. Ийгиликтүү авторизациядан кийин колдонуучу автоматтык түрдө Системанын веб-сайтына кайтарылат, анда аккаунт түзүлөт.

БТБ артыкчылыктары:

1. Тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоодо бир эле учурда бир нече бөлүмгө арыз берүү менен убакытты жана чыгымдарды кыскартуу.

2. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди алуу үчүн арыз берүүнүн тартибин жана ыкмасын жөнөкөйлөтүү.

3. Өтүнмөлөрдү кароо процессинин бүтүндүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу.

4. Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана оптималдаштыруу ж.б.

БТБ иштөө боюнча бардык суроолор боюнча +996 (312) 902640 же info@trade.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу