Өзбекстан Республикасындагы Хива шааарындагы Кыргызстандын экспорттук потенциалынын презентациясы

Новости
12-Февраль 2024-ж.
1032

2024-жылы 7-февралында Өзбекстан Республикасынын Хорезм облусунун Хива шаарында ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү Хиванын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.

Соода өкүлчүлүгү Кыргызстандын экспорттук потенциалынын ар түрдүүлүгү боюнча маалымат берип, бизнес-кызматташуу үчүн аймактык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады. Иш-чара Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчисинин жана Соода өкүлчүлүгүнүн сапарынын бир бөлүгү болду.

Хорезм облусунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын айыл чарба продукциясына жана күн фотоэлектр панелдерине терең кызыгууларын билдиришти. Бул кадам региондор ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүдө маанилүү учур болуп, өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы чектерин ачат.

Бул ийгилик Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо потенциалын баса белгилейт жана эки өлкөнүн биргелешкен өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу