400 тонна кыргыз жаңгагы Түркияга экспорттолот

Новости
10-Февраль 2024-ж.
888

2024-жылдын 9-февралында Анкара шаарында 11-Өкмөттөр аралык Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйыны болуп өттү. Бизнес форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы -Президенттик Администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган делегация мүчөлөрү, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түркия палаталар жана Биржалар ассоциациясынын Президенти Рыфат Хисаржыколу жана эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышышты.


Бул жыйындын башкы максаттарынын бири, эки өлкөнүн ишкерлерине мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана ички товарды тоскоолдуксуз экспорт кылуу болду.  Соода тармагын мамлекеттик деңгээлде жакшыртууга колдоо көрсөтүү үчүн   бир канча тармактар аталып, ийгиликтүү келишимдер түзүүгө жетишишти.


Туркия Республикасы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин Түркия Республикасындагы өкүлчүлүгүнө ишеним көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынан 400тонна жаңгактын экспортунун контрактына кол коюлду. Түзүлгөн келишимдин негизинде  жаңгактын алгачкы тобу 15-февралда Кыргызстандан Түркияга экспорттолмокчу.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу