Улуу Жибек Жолунда эки RestPoint эс алуу жайлары ачылды

Новости
10-Февраль 2024-ж.
907

Кыргызстандын түштүгүндө миңдеген туристтер өтө турган жерлерде эки жаңы эс алуу жайы пайда болду. Биринчиси RestPoint Улуу Жибек жолунда атактуу Өзгөн мунарасынын жанында жайгашкан. Бул мунара мындан дээрлик миң жыл мурда, Өзгөн Караханиддер мамлекетинин экинчи борбору болуп турганда курулган.


Сузак районунун Барпы айылында Бишкек-Ош унаа жолунун так боюнда дагы бир RestPoint ачылды. Өзгөн жана Барпы айылдарындагы жаңы эс алуу пункттарынын ачылыш аземине Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Болотбек Дыйканбаев, Ош жана Жалал- Абад облусунун  администрацияларынын  өкүлдөрү   катышты.



Азыр Кыргызстандын түштүгүндө төрт эс алуу борбору бар - Барпыда, Өзгөндө, Кара-Көлдө жана Жалал-Абадда. Мындан тышкары Ысык-Көлдө эки жаңы RestPoint  жакын арада ачылат. 


Заманбап жана нукура эс алуу жайлары буга чейин туристтер тарабынан да, жергиликтүү жарандарыбыз тарабынан да бааланган. Алгачкы RestPoint өткөн жылдын жазында Кеминде, айланып өтүүчү жолдун бурулушунда пайда болгон жана Ысык-Көлгө саякаттагандардын бардыгы азыр жолдо ыңгайлуу эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Эс алуу пункттарында сиз электр унааңызды жана гаджетиңизди кубаттап, кофе же чай ичип, тамактанып, душка түшсөңүз болот. Бардык RestPoint популярдуу жана бош туристтик маршруттарда жана шаарлар аралык каттамдарда жайгашкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу