Бул иш сапар өз ара пайдалуу өнөктөштүккө жол ачат

Новости
09-Февраль 2024-ж.
1035

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын Хорезм облусунундагы «New best style» жана «Kobatex fashion» компанияларынын өнөр-жай объектилерине иш сапары менен барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация обой өндүрүүгө адистешкен «New best style» компаниясы жана трикотаж футболка жана башка кийим чыгаруу менен алектенген «Kobatex fashion» тигүү фабрикасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жана ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле делегациянын катышуучуларына ишканалардын потенциалын, алардын технологияларын жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишканаларынын ортосундагы келечектеги кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү баалоого мүмкүндүк берди.

Бул иш сапар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү менен Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу