Кыргызстан менен Малайзиянын халал индустриясы жаатында кызматташуусу жөнүндө

Новости
08-Февраль 2024-ж.
1022

2024-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Аскулов жана Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу иштер боюнча башкы катчысынын орун басары Дато Ахмад Розиан Абд Гани мырзанын катышуусунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле Түштүк жана Борбордук Азия департаментинин, Малайзиянын эки тараптуу мамилелер департаментинин өкүлдөрү, Малайзиянын Өзбекстан Республикасындагы элчиси (Кыргыз Республикасында жана Тажикстан Республикасында аккредиттелген), Кыргызстандын соода боюнча комиссары, Малайзиянын эки тараптуу байланыштар департаментинин өкүлдөр, Малайзиянын тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясы (MATRADE) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан менен Малайзиянын халал индустриясы жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Малайзиялык тарап халал товарларды сертификациялоо жана маркировкалоо боюнча тажрыйба алмашуу, халал туризмин өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча келечекти өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу