Rotschild and Co компаниясы Кыргыз Республикасы менен кызматташууга кызыкдар

Новости
07-Февраль 2024-ж.
1246

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр  Аменгелдиев «Rotschild and Co» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Ариэль де Малар де Ротшильд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Rothschild & Co компаниясынын каржы тармагындагы жана жеке капиталды башкаруудагы чоң тажрыйбасын белгиледи.

Буга байланыштуу ал инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртуу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуунун келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүгө чакырды.

Өз кезегинде Ариэль де Малар де Ротшильд министрге жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык жана инвестициялык рыноктордогу келечегин жана потенциалын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого макулдашышты.

Маалымат иретинде:

Rothschild & Co - башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан Rothschild & Co үй-бүлөсүнүн француз жана англис филиалдары тарабынан көзөмөлдөнгөн эң эски жана ири финансылык холдингдердин бири. Бул Ротшильд банк тобунун флагманы.

Rothschild & Co Banking Groupтун банк иши инвестициялык банкинг, корпоративдик банкинг, жеке инвестициялар, активдерди башкаруу, жеке банкинг сыяктуу тармактарды камтыйт. Мындан тышкары, Rothschild & Co жеке инвестициялар үчүн өзүнүн инвестициялык эсебине ээ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу