Министр Д.Амангелдиев Эл аралык финансы корпорациясынын миссиясы менен биргелешкен кызматташуунун келечегин талкуулады

Новости
06-Февраль 2024-ж.
1056

2024-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев МФКнын МЖӨ долбоорлору боюнча аймактык менеджери Майкл Опаги жетектеген IFC эл аралык каржы корпорациясынын миссиясы менен жолугушту.

Жолугушууда өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Эл аралык каржы корпорациясы менен кызматташуунун келечеги талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри маалымдагандай, бүгүнкү күндө өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор менен иштөөнүн натыйжалуу механизмдери түзүлүүдө, анткени жеке секторду өнүктүрүүгө түрткү берүү маанилүү.

Мындан тышкары, министр жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, финансы секторун жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан милдеттерге жана чараларга токтолду. Гидроэнергетиканы, транспорт-логистикалык секторду, агроөнөр жай комплексин, тоо-кен жана туризмди өнүктүрүү экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын бири катары аныкталган.

Министр Д.Амангелдиев билдиргендей, инвесторлор менен иштөөнү жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Өнүктүрүү фонддору түзүлүүдө.

МФКнын инвестициялык долбоорлорду колдоо, жеке секторду жана каржы рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен, министр кызматташууну тереңдетүүгө жогорку кызыкчылыкты билдирди жана артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Данияр Амангелдиев энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында күн жана ГЭСтерди куруу долбоорлорунун, ошондой эле геотермалдык чөйрөдөгү долбоорлордун үстүндө иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи. 

Ошону менен бирге ал чакан жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жана улуттук валютаны колдонуу менен жеткиликтүү жеңилдетилген каржылоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

IFC миссиясынын өкүлдөрү биргелешип иштөөгө даяр экенин баса белгилеп, приоритеттүү келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз тараптын аракеттерин колдоорун билдиришти.

Министр Д.Амангелдиев артыкчылыктуу максаттарды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүү болоруна ишенимин билдирди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу