ЕБ-БА эл аралык инвесторлор форумунда Кыргызстан соода жана инвестициялык потенциалын көрсөттү

Новости
02-Февраль 2024-ж.
899

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Председателинин орун басары Бакыт Төрөбаев башчылык кылган Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында. 2024-жылдын 29-30-январында Брюсселде өткөн Борбордук Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча Global Gateway инвестор форумуна катышты.

Форумдун алкагында С.Болотов «Чек арадагы байланыштар: ЕБ-Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода-инвестициялык потенциалын ачууда сооданы жеңилдетүү кандай негизги ролду ойнойт» сессиясында баяндама жасады.

Министрдин орун басары өз сөзүндө Кыргыз Республикасы өзүн Борбордук Азиянын санариптик хабы катары көрсөтүүгө умтулуп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген саясат жана жөнгө салуу жетишкендиктерин белгиледи. Андан ары ал Кыргыз Республикасы Кыргызстанды дүйнөлүк санариптик экономикага интеграциялоо аркылуу экономикалык өсүштүн жаңы моделин түзүү зарылдыгын карманаарын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал Кыргыз Республикасынын бажы инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча чараларды, бажы процедураларынын мөөнөтүн олуттуу кыскартууга жана тейлөөгө багытталган моделге өтүүгө багытталган реформаларды айтты.

Баяндаманын корутунду бөлүгүндө С.Болотов белгилегендей, Кыргызстан салттуу түрдө регионалдык мамилелерди ишеним жана ачыктык маанайында өнүктүрүүнү жактап, жакынкы коңшу мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана тереңдетүү биздин өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Ошону менен бирге ал жол тармагындагы эң ири долбоор – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна токтолду. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын гана эмес, кийинчерээк Европа менен Азияны бириктире турган бүтүндөй аймактын транзиттик потенциалын кыйла жакшыртат.

Ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду эске алуу менен, ал Кыргыз Республикасынын темир жол коридорлорун жана тармактарын, автомобиль жолдорун жана жарандык авиацияны өнүктүрүүгө, иштеп жаткандарды модернизациялоого жана жаңы логистикалык борборлорду түзүүгө, ошондой эле аларды адаптациялоого жогорку кызыкчылыгын баса белгиледи. 

Ошондой эле, Санжар Болотов Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында башка мамлекеттердин, анын ичинде Өзбекстан Республикасы ошондой эле эл аралык каржы институттары катары эсептелген Европа инвестициялык банкы, Европа инвестициялык банкы,  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестиция банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу делегацияларынын жетекчилери менен менен эки тараптуу жолугушууларга катышты.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары талкууланды. Тактап айтканда, сүйлөшүүлөрдө инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, жеке секторду жана жашыл экономиканы колдоо маселелерине басым жасалды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу