Кыргызстан менен Бельгия агроенер жай жаатында кызматташуу боюнча макулдашты

Новости
02-Февраль 2024-ж.
1122

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары С.Болотов 2024-жылдын 29-30-январында Брюсселде өткөн Европа Биримдиги-Борбордук Азия транспорттук байланышы боюнча Инвесторлор форумуна катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Председателинин орун басары Б.Э. Төрөбаев жетектеген  делегациянын курамында Бельгиянын «Экодинамика» фермердик ишканасына барды. 

Бул сапардын алкагында делегация мүчөлөрү асыл тукум бельгиялык  ак-көгүш бодо малды өстүрүү боюнча заманбап технологиялар менен таанышып, ишканадагы өндүрүш процесси менен таанышты.

Муну менен катар «Экодинамика» компаниясынын жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуу болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланып, анын ичинде Кыргызстанда бельгиялык  ак-көгүш асылтукум малды өстүрүү маселеси боюнча иш алып баруу макулдашылды.

Ошону менен бирге жетишилген макулдашууларды каттоо үчүн тараптар КР Экономика жана коммерция министрлиги менен бельгиялык «Экодинамика» компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум Кыргыз Республикасы менен Бельгиянын ортосундагы дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, айыл чарба продукциясын импорттоо жана экспорттоо үчүн шарттарды түзүү боюнча кызматташууну бекемдөөгө багытталган.

Маалымат иретинде:

Экодинамика бүткүл дүйнө жүзү боюнча фермерлерге инновациялык чечимдерди сунуштап, айыл чарба технологиясында чоң тажрыйбасы бар бельгиялык компания. Экодинамика мындан аркы жашыл өнүгүү үчүн социалдык-экономикалык стимулдарды берет. Бул максатка жетүү Белгиянын ак-көгүш эмбриондорун колдонуу аркылуу мүмкүн.

Компаниянын глобалдык максаты - 8,9 миллиард адамды (2050-жылга чейин) азык-түлүк менен камсыз кылуу, айыл чарбага ылайыктуу жердин 16%, анын 60% жайыт. Бельгиялык көк жана ак-көгүш асыл тукум малынын тарыхы 1841-жылдан башталат.

Бельгиялык  ак-көгүш породасынын артыкчылыктары

1) токтоо мүнөз, б.а. оңой башкарылуучу;

2) ургаачы малдын көз жаргандагы жогорку деңгээли;

3) Тоюттун аз конверсиялык коэффициенти;

4) союлган малдын салмагынын көбөйүшү;

5) Сапаттуураак жана ден-соолукка пайдалуу эт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу