Соода кызмат көрсөтүүгө стандарттардын актуалдуу талаптары

Новости
02-Февраль 2024-ж.
1142

Бүгүн, 2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Базарларда жана соода түйүндөрүндө көрсөтүлүүчү соода кызматтарына учурдагы талаптар” деген темада тааныштыруу семинарын өткөрүдү.

Базарларда жана соода түйүндөрүндө стандартар менен соода тармагында коюлган талаптар боюнча   актуалдуу маалымат берилди.

Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунда соодага жана рыноктордун кызмат көрсөтүүлөрүнө коюлган талаптарды белгилеген 5-6 улуттук стандарттар (КМС) бар.

Мындан тышкары, жаңы стандарттар менен кошумча камсыз кылуу максатында 2024-жылдын 19-январында Кыргызстандарт тарабынан стандартташтыруу боюнча улуттук документ катары рынокторду жайгаштыруу боюнча Россия Федерациясынын дагы 7 стандарты (ГОСТ Р) кабыл алынган.

НАССР талаптары боюнча   жана GMP стандарттар боюнча толук маалымат берилген. Көрсөтүлгөн стандарттар продукциянын өндүрүү, ташуу, сактооун жана сатуудагы бүт чынжырды камтыйт.

Аламүдүн, Ортосай, Ош, Дордой базарларынын администрацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле шаардагы «Азия Ретейл», «Глобус», «Алма» ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү соода тармагында колдонулуп жаткан негизги стандарттар жана продукцияны сактоодогу, колдонуудагы талаптары жана ошондой эле дүң жана чекене соода объектилерине белгиленген негизги санитардык-эпидемиологиялык талаптары менен таанышышты.

Маалымат Кыргызстандарт жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери тарабынан берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу