Өлкөнүн базарларындагы кырдаал тууралуу

Новости
02-Февраль 2024-ж.
1205

Бишкек шаарынын ТЭЦинде түзүлгөн авариялык кырдаалга байланыштуу социалдык маанидеги товарлардын туруктуу абалын сактоо ошондой эле маанилүү товарларга баалардын спекулятивдик өсүшүнө жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы кызматы тарабынан баардык соода объекттеринин өкүлдөрү жана ири базарларда  (Дордой, Аламедин, Орто-сай) бааларды жасалма жогорулатуу менен калктын арасында дүрбөлөң жаратууга жол берилбестиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Мындан тышкары, ири соода түйүндөрүнүн жана базарлардын администрацияларына жалпы абалды көзөмөлдөп, товарларга баалардын кескин спекулятивдүү өсүшүнө жол бербөө тапшырмасы берилди.


Ири отун базаларында тандалма көмүрдүн баасы 4700 сомду түзөт жана жетиштүү көлөмдө бар. 


Ошондой эле, Sulpak, Планета электроники, Технодом сыяктуу соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен жылытуучу электроприборлорго баалардын негизсиз жогорулоосуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол себептен ишкерлер туруктуу кырдааалды сактоонун маанилүүлүгүн жана товарларга баалардын спекулятивдик өсүшүнө жол бербөөнү түшүнүү менен колдоду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу