Бирдиктүү мамлекеттик бажы саясатын түзүүнүн жана ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө

Новости
31-Январь 2024-ж.
1034

2024-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында 2023-жылга карата бажы саясатынын жыйынтыгы каралды. Бажы саясаты башкармалыгынын начальниги Руслан Тыналиев билдиргендей, 2023-жылдын 9-августундагы «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кабыл алынган алдын ала маалыматтарды милдеттүү түрдө берүү каралган. 

Мыйзам милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалымат берилбеген же аны берүүнүн мөөнөттөрү бузулган учурда көрүлүүчү чараларды камтыйт (Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 11-беренеси).

Кыргыз Республикасы 2023-жылдын 21-ноябрынын Мыйзамы менен Азия-Тынч океан аймагында чек ара кагазсыз соодасын жеңилдетүү жөнүндө (ЭСКАТО) Алкактык макулдашууга расмий түрдө кошулду, аталган Макулдашуу дүйнөлүк соодада кагазсыз технологиялардын колдонууну камтыйт, электрондук түрдө маалымат алмашууну камсыз кылат жана Макулдашуунун тараптары аталган маалыматты өз ара таануусун камтыйт.

Учурда Башкармалык жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ар бир мамлекетке кирешенин жана капиталдын айрым түрлөрүнө салык салуу укугун берүү аркылуу салык мамилелерин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу келишимдерди түзүү боюнча иш алып барууда.

Өлкөлөр ортосундагы мындай мамилелердин негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешесине жана капиталына кош салык салууну жоюу болуп саналат, бул Кош салык салуу жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу ишке ашат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелерди түзүү максатында дүйнөнүн 35 өлкөсү менен кош салык салуудан качуу жана кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн качууга жол бербөө боюнча макулдашууларды түзгөн

2023-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасы менен Нидерланд Королдугунун ортосунда Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

“Мамлекеттик органдардын санариптик кызматтарынын картасын түзүү” долбоору

Тышкы соода ишин жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын санариптик кызматтарын жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн агымын картага түшүрүү процесси ишке киргизилди.

Бул иш-чара тышкы сооданын катышуучулары үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүүдө олуттуу кадам жасоого , анын ичинде мамлекеттик органдардын ортосундагы санариптик ажырымдарды кыскартуу жана маалыматтарды электрондук түрдө бир жолу берүү принцибин ишке ашыруу максатында алардын маалыматтык системаларынын өз ара шайкештигин жогорулатууга мүмкүндүк берет .

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу