Жүргүзүлүп жаткан салык саясаты бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталат

Новости
30-Январь 2024-ж.
1071

Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2024-жылдын 30-январында Бишкекте өтүп жаткан «Салык системасын трансформациялоо жолу» Кыргыз Республикасынын Улуттук салык форумунда сүйлөп жатып билдирди. 

Министр белгилегендей, салык саясаты мамлекеттин экономикалык стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарынын балансын сактоодо негизги ролду ойнойт. Салык системасы менен бизнес чөйрөсүнүн эффективдүү өз ара аракеттенүүсү эки тараптын тең туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Салык салуу аркылуу мамлекет коомдук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн каражат чогултат, ошол эле учурда бизнеске ашыкча жүктөрдү жаратпоого аракет кылат.

Өлкө жетекчилиги татаал милдетти койду: ишкерлер өздөрү көмүскө экономикадан чыгып, салык төлөөгө кызыкдар болгон шарттарды түзүү. Жүргүзүлүп жаткан салык реформасы ак ниет ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүгө, аларга рынокто сергек атаандаштыкты камсыз кылууга багытталган, - деп баса белгиледи министр.

Анын айтымында, Салык кодекси салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун социалдык маанилүү инструменти болуп саналат, ошондой эле мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн гаранты болуп саналат. 2022-жылы Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди. 2023-жылы жүргүзүлүп жаткан салык реформасынын алкагында кодекске бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, өзгөртүүлөр соода, курулуш, банк иши, IT индустриясы, Creative Industries Park, туризм жана тоо-кен өнөр жайы, ошондой эле айыл чарбасына таасирин тийгизди.

Экономика жана коммерция министрлиги мамлекет менен бизнестин ортосунда көпүрө болуп саналат. Анын максаттарына ишканалардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшүүчү экономикалык саясатты иштеп чыгуу жана бул саясаттардын улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келишин камсыздоо кирет.

Ошондой эле, министрлик бир нече жолу бизнес менен салык органдарынын диалогу үчүн аянтча катары иш алып барган. Маселен, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө салык органдарынын салык төлөөчүлөрдүн банктык маалыматтарына жетүүсүнө байланыштуу эрежени кароодо консенсуска келүүгө мүмкүн болгон. Ал эми мындай татаал жагдайлар министрликтин ичинде таламдаш тараптардын катышуусунда талкуу, сүйлөшүү жолу менен чечилип калган учурлар арбын.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, министр жүргүзүлүп жаткан салык саясаты бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багыттала турганын белгиледи.

Салык саясатында жүргүзүлүп жаткан реформалар таза атаандаштыкка, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана бюджетке салыктарды толук төлөөгө багытталат, бул өз кезегинде мамлекетке эмгек акыны жана жөлөкпулдарды жогорулатуу, саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу, инфраструктураны куруу жана жолдор , коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана башка милдеттерди толук аткарууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу