Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформалардын жүрүшүнүн учурдагы акыбалы боюнча маалыматы

27-Январь 2024-ж.
334

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине (мындан ары – Экономика министрлиги) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен административдик-аймактык түзүлүш, аймактык-мейкиндикти пландаштыруу жана региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу ыйгарым укугу берилген.

Берилген ыйгарым укуктун чегинде, Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын региондорунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун даярдап, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш чараларды алып барууда.

Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформа   Ысык-Көл облусунун Түп районунда “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 Жарлыгынын негизинде башталып, көп жылдан бери башталбай жаткан административдик-аймактык реформанын биринчи кадамы болуп эсептелет. Аталган Жарлык менен Түп районунун мурдагы 13 айыл аймагы ирилештирилип, анын ордуна 5 жаңы айыл аймак түзүлүп, бүгүнкү күндө алар өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү алып барууда.

Жаңы түзүлгөн айыл аймактардын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана Түп районунун социалдык-экономикалык акыбалын мындан ары жакшыртуу максатында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын         28-декабрындагы № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин       

 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтому менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2024-жылдарга               иш-аракеттер планы бекитилген. Бекитилген иш-аракеттер планында 37 милдеттен жана 105 иш-чарадан турган Түп районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаңы уюшулуп жаткан айыл аймактарынын ишмердүүлүгүн уюштурууга багытталган масштабдуу иш-чаралар каралган. 

Жогорудагы токтомго ылайык, Экономика министрлигине иш-аракеттер планынын аткарылышы боюнча ар айдын 15 не Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат берип туруу милдеттендирилген. Экономика министрлигинин 2024-жылдын          15-январына карата даярдаган маалыматына ылайык, жогорудагы иш-аракеттер планынын 105 иш-чарасынын 32 си убагында аткарылып, 13 нүн убактысы өткөрүлүп аткарылууда жана 58 нин аткаруу мөөнөтү 2024-жылга белгиленген.

Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын кийинки кадамы болуп “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 Жарлыгы менен Нарын облусунда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа эсептелет. Аталган Жарлыкка ылайык Нарын облусунун 63 айыл аймагынын ордуна ирилештирилген 27 айыл аймагы түзүлүп, азыркы күндө алардын ишмердүүлүгү ийгиликтүү улантылууда. 

Нарын облусундагы административдик-аймактык реформанын өзгөчөлүгү болуп - айыл аймактарынын көйгөйлөрү болуп келген жайыт, ирригация, ичүүчү суу жана тазалык маселелерин чечүүнү комплекстүү карап, аны чечүүнү жаңы уюшулуп жаткан айыл аймактарында  муниципалдык ишканаларды түзүү аркылуу чечүү эсептелет. Бүгүнкү күндө, жаңы уюшулган бардык айыл аймактарда муниципалдык ишканалар түзүлүп, алардын ишмердүүлүгү өзүнүн натыйжасын берүүдө.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарынын социалдык-экономикалык акыбалын мындан ары да жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 591-т жана 592-т тескемелери менен Түп районунун жана Нарын облусунун жаңы уюшулган айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 10 000 000 (он миллион) сомдон, жалпысы Түп районуна 50 000 000 (элүү миллион), Нарын облусуна            270 000 000 (эки жүз жетимиш миллион) сом акча каражаты бөлүндү. Бөлүнгөн акча каражаттарынын эсебинен ар бир айыл аймактарынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган долбоорлор тандалып алынып, бүгүнкү күндө бул долбоорлор ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жана Нарын облусундагы жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформалардын натыйжалары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчысы-акимдеринин катышуусунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын             28-июлундагы кеңешмесинде презентацияланып, кеңешменин № 20-12 протоколу менен жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформа ийгиликтүү жана натыйжалуу деп табылып, анын натыйжасын жана тажрыйбаларын Кыргыз Республикасынын бардык аймактарына жайылтуу боюнча протоколдук тапшырма берилди.

Протоколдук тапшырмага ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчысы-акимдерине айыл аймактарын жана шаарларды ирилештирүү боюнча сунуштарды (долбоорлорду) даярдоо жана Экономика министрлигине белгиленген тартипте киргизүү милдеттендирилди. Бул тапшырманы аткарууда “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын сактоо талабы коюлду.

Натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин              2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы жарык көрдү. 

Аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин административдик-аймактык реформа боюнча сунуштары пилоттук режимде жүргүзүү жактырылды. Пилоттук режимдин мөөнөтү 2024-жылдын 1-апрелине чейин деген чек коюлду.

Андан сырткары, аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча Жол картасы бекитилди.

Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын жыйынтыгынын негизинде, Жол картасынын иш-чараларына ылайык, Экономика министрлигине 2024-жылдын июнь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлуштөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизүү милдеттендирилген.

Жол картасынын иш-чараларына ылайык, Экономика министрлигинин 2024-жылдын 15-январындагы № 2 буйругу менен административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө көмөк көргөзүү үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутаты (Ч.А.Султанбекова, З.Д.Мамасадыков, А.Б.Кенжебаев, Ж.С.Кыдыкбаев жана Н.К.Алимбеков), министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биринчи орун басарлары киргизилди. 

Ушундай эле жумушчу топтор ар бир облустун жана райондун деңгээлдеринде түзүлдү.

Жумушчу топтун негизги милдети болуп административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө көмөк көргөзүү, иш-чараларды ишке ашыруу мезгилинде пайда болгон ар түрдүү жагдайларды ыкчам жана мыйзам ченемдүү чечүүнү уюштуруу, консультациялык-методикалык, юридикалык жардамдарды берүү жана жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эсептелет.

Жумушчу топтун биринчи отуруму 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С.Сейитовдун төрагалыгында өткөрүлүп, ага жумушчу топтун курамына кирген облустардын өкүлдөрүнүн онлайн режиминде катышуусу уюштурулду.

Отурумда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аныкталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жумушчу топтун отуруму жумасына бир жолу өткөрүү белгиленди.

Жумушчу топтун ишин оперативдүү түрдө жүргүзүү үчүн WhatsApp  группа түзүлдү.

Бүгүнкү күндө, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү толук кандуу башталып, ар бир облуста жана шаарларда тиешелүү иш-чаралар аткарылып, республика боюнча реформа жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө. 

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администациялардын башчылары-акимдерине административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча атайын окуу семинары 2024-жылдын январь айында, ал эми, ушундай эле семинарлар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен 2024-жылдын февраль айынын башында жеринде өткөрүлүүсү пландаштырылууда. 

Бул саясий өнөктүк менен Кыргыз Республикасындагы айыл аймактар ирилештирилип, шаарлардын территориялары кеңейтилүүдө. Аталган Жарлыкка ылайык айыл аймактардын саны 452 ден 235 ке кыскарып, 217 айыл аймак ирилештирилип жаткан айыл аймактарынын же шаарлардын курамына киргизилүүдө. (мааламат үчүн: 235 тин ичине мурда реформа өткөрүлгөн Ысык-Көл районунун Түп районунун жана Нарын облусунун  жаңы түзүлгөн айыл аймактары да кирет).

Жарлыктын тиркемелерине ылайык, Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Кара-Суу, Кант, Токтогул, Айдаркен жана Кербен шаарларынын курамына жакын жайгашкан айыл аймактары киргизилип, шаарлардын территориялары бир топ кеңейүүдө. Андан сырткары, Кант жана Кара-Балта шаарларына облустук маанидеги шаар статусун берүү, Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарып райондук маанидеги Шамалды-Сай шаарын түзүү сунушталууда. 

Жүргүзүлүп жаткан реформалардын бардык аспекттери Экономика министрлигинин жана анын алдында түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосунда болуп, иш-чаралардын жүрүшүндө жаралган ар бир жагдайды ыкчам жана ордунда чечүү каралууда. 

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппаратынын туруктуу көзөмөлүндө болууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу