КР бардык облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары фонддордун эки тараптуу ишмердүүлүгү менен таанышты

Новости
25-Январь 2024-ж.
516

2024-жылдын 23-24-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары үчүн эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун  каражаттарынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча семинар уюштурду. (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду), Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана мамлекеттик коммерциялык банктар(«Айыл Банк» ААК, «РСК» ААК).

Бул иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 2023-жылга аткарылган иштер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин отчетторун угуу, 2024-жылга карата иш-пландарды кароонун алкагында .  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси - министрлер кабинетинин төрагасынын Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү  

Семинардын жүрүшүндө финансы институттарынын жетекчилери өздөрүнүн долбоордук ишмердүүлүгү, долбоорлорду каржылоо шарттары жана талаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында пландаштырылган долбоорлору тууралуу маалымат беришти. Муну менен катар катышуучулар кызыккан суроолоруна толук жооп ала алышты, ошондой эле каржы институттарынын уюштурулган стенддеринде көрсөтүлгөн кошумча материалдар менен тааныша алышты.

Маалымат иретинде:

Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинетинин алдында турган негизги милдеттердин бири ички рынокту, атап айтканда, бизнести жеткиликтүү финансылык ресурстар менен камсыз кылуу болуп саналат. “Узак” арзан каржылоого жетүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эки тараптуу жана көп тараптуу өнүктүрүү институттарын түзүү боюнча максаттуу саясатты жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында үч өнүктүрүү фонду (РKӨФ, ТКӨФ жана ВКӨФ) толук кандуу иштеп жатат. Ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун жана Түрк инвестициялык фондун практикалык ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, ушул сыяктуу фонддорду түзүү боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Өнүктүрүү институттары менен бизнестин ортосундагы диалогду түзүү жана өнүктүрүү максатында түрдүү иш-чаралар (форумдар, конференциялар) өткөрүлөт, анын алкагында бизнес менен диалогду куруу үчүн натыйжалуу аянтчалар түзүлөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу