“Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору боюнча Чүй облусунун Бренд комитетинин биринчи жыйыны өткөрүлдү

Новости
25-Январь 2024-ж.
730

2024-жылдын 24-январында КР ЭКМнин Аймактар аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору боюнча Чүй облусунун Бренд комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга чейин 2023-жылдын 29-майындагы буйругу менен бекитилген КР Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” Жарлыгын жана “Бир айыл –бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында, Бренд комитет  Чүй облусунун БАБПтуна катышкан ишкерлер-катышуучулар менен жыйын өткөрдү, анда БАБПтун  даяр продукциялары көрсөтүлдү. 

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкердикке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү. 

Бренд комитетинин жыйынында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн 9 продукт тандалып алынган (кургатылган мөмө-жемиштер, чөп чайлары, как, кургатылган топоз эти, бүтүн дан эгин унунан ачытылып жасалган нан, талкандан жасалган деликатестер, жаңгак жыгачынан жасалган буюмдар, сулуудан жасалган печеньелер). 

Бренддик комитеттин ишинин жыйынтыгы менен 9 ишкерге Чүй-Бренд товардык белгиси ыйгарылды жана аларга Чүй облусунун бренди менен сертификаттар тапшырылды. 

Маалымат ирэтинде: 

Жалпысынан 2017-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде 300дөн ашык продукция иштелип чыгып ички жана тышкы   рыноктордо (экспорт) ийгиликтүү сатылууда, Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка европалык мамлекеттерде. 

Белгилей кетсек, акыркы 6 жылдын ичинде эле долбоордун аркасында жергиликтүү өндүрүшчүлөр 238 миллион сомго жакын 167 экспорттук келишим түзгөн. 

Бренддик комитеттин ушундай эле отуруму 2024-жылдын февраль айында Талас облусунда өткөрүү пландаштырылууда, анда Талас облусунун жергиликтүү чийки затынан жасалган БАБП продукциялары да көрсөтүлөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу