Экономика министрлигинде тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек стол болуп өтөт

2019-жыл, 15-март
Экономика министрлиги 2019-жылдын 15-мартында Германия эл аралык кызматташуу коомунун (GIZ) колдоосунда министрликтин чоң залында Тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында (ХАССП, ИСО 22000, Глобал ГАП, Халал) кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү (консалтинг/аудит) маселелерин талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрөт. Тегерек столдун максаты сапат менеджменти системасы боюнча консультанттарды тартууга жана консультанттардын иши боюнча жалпыланган маалыматтарды берүүгө жолтоо болгон негизги көйгөйлөрдү талкуулоо болуп эсептелет. Бардык суроолор боюнча: 0312620535 (+214); 05558583574 тел. кайрылыңыздар.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу