Программы обучения KOICA 2024
Саламатсызбы! "Программы обучения KOICA 2024" кененирээк маалымат бересиздерби?
Суроолорго жооп:

Урматтуу Жеңишбек уулу Чынарбек,

 

Министрлик, Эл аралык кызматташтык боюнча Корей агенттигинин (KOICA) окутуу программасы боюнча маалымат берүү жөнүндө кайрылууңузду карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. 

KOICA CIAT (Capacity Improvement and Advancement for Tomorrow) программасы – бул мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга багытталган, ар бир өлкө үчүн ошол өлкөнүн өнүгүү максаттарына ылайык жекече иштелип чыккан окутуу программасы. Программанын максаты – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, анын көрүнүктүү экономикалык өнүгүү процессинде Корея топтогон тажрыйба жана ноу-хау менен бөлүшүү жана алардын потенциалын өнүктүрүү аракеттерин колдоо (CIAT программасы 2012-жылы негизделген). 

Бул программалар мамлекеттик органдардын потенциалын 4 артыкчылыктуу багытта өнүктүрүүгө арналган: 

- мамлекеттик башкаруу;

- айлана-чөйрө; 

- айыл чарба;

- саламаттык сактоо. 

Министрлик CIAT программасына долбоордук сунуштарды долбоордун башталышынын болжолдонгон күнүнө чейин эки жыл мурда чогултат. Долбоордук сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары гана бере алат. Мисалы, 2023-жылдын июль айында 2025-жылы ишке ашырууга сунуштар чогултулган. 

Ошондой эле маалымат катары, KOICA магистердик окутуу программаларынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги компетенттүү орган болуп саналаарын билдиребиз.

 

 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин

Тышкы жардамдар башкармалыгы

Суроо берүү
Издөө
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу