Жаңы бириктирилген айыл аймакка ат ыйгаруу тууралуу
Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылдык аймактын айылдык кеңеши 2023-жылдын 6-сентябрында №3 жана Тамчы айылдык аймактын айылдык кеңеши 2023-жылдын 6-сентябрындагы №38 “Айыл аймактарын бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө” аталышындагы токтомдорду кабыл алышкан. Токтомдун негизинде Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагы (Тамчы, Чырпыкты, Кош-Көл айылдары) менен Тору-Айгыр айыл аймагы (Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Сары-Камыш айылдары) бир айыл аймак болуп биригишине жана түзүлгөн жаңы айыл аймагы “Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагы” болуп аталышына макулдук берилген. Бирок, бул аталыш элдин пикири эске алынбай эле кабыл алынгандыгы үчүн көпчүлүк тургундар бул айыл аймакка Касым Тыныстановдун атын берели деген сунуштары бар. Анан бул боюнча акимчиликке, президенттин өкүлчүлүгүнө кайрылдык, бирок канааттандырарлык жооп ала алган жокпуз. АТР боюнча жергиликтүү бийликтин акыркы сунуштары ушул жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат экендигин угуп, жергеликтүү кеңешке дагы бир ирет кайрылдык. Алар макул колдоп беребиз деген менен алар азыр юстиция министрлигинен каттоодон өтө элек экен. Алар анан акимге кайрылса, Президенттин жарлыгы чыгып кетти, азырынча мүмкүн эмес деп коюптур. А элдин көпчүлүгү Касым Тыныстанов айыл аймагы деп аталса деген тилектери бар. Мына ошол орундалбай турат учурда. Эми суроо: 1-апрелге чейин жергиликтүү бийликтин сунуштары кабыл алынабы же жокбу? Кабыл алынса кандай жол менен, кимге кайрылуу керек?
Суроолорго жооп:

Здравствуйте, ответ был направлен на электронную почту 

Суроо берүү
Издөө
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу