Бажы бирлигинин “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 005/2011) техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун талкуулоо болуп өттү

Новости
08-Декабрь 2020-ж.
3092

2020-жылдын 8-декабрында саат 15:00дө КР Экономика министрлигинин чоң залында Бажы бирлигинин “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттерине (ББ ТР 005/2011) аны колдонуу практикасынын натыйжалары боюнча техникалык регламенттин айрым талаптарын тактоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдүн долбоорун талкуулоо маселеси боюнча кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө ББ ТР 005/2011 киргизилген өзгөртүүлөрдүн долбоорунун негизги жоболору, анын ичинде жеңил полимер пакеттерин (50 мкм чейин калыңдыгы) жүгүртүүгө чыгарууга тыюу салуу жана продукциянын шайкештигин тастыктоо боюнча маселелер талкууланды.

20 мкм. чейинки полимер баштыктарды жүгүртүүгө чыгарууга тыюу салуу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан мурда көтөрүлүп чыккандыгына байланыштуу, Токой агенттиги полимер пакеттерин өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен баштыктын калыңдыгы боюнча стандартты белгилөө боюнча акыркы позицияны сунуштоо сунушталган.

Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана экологияны коргоо максатында мурда колдонулган таңгактарды утилдештирүү маселеси талкууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу