Кыргызстанда инвесторлорду коштоо сиситемасы жакшыртылат

Новости
08-Сентябрь 2020-ж.
3557

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы буйругу менен Кыргыз Республикасында инвестициялардын өсүшүн жогорулатууга жана анын туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Финансы Корпорациясы (IFC) Долбоорунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу бекитилген. Кыргыз Республикасында туризм тармагындагы өсүүнү жана инвестицияларды тартуу боюнча МФКнын долбоору ишке ашырылууда, аны жүзөгө ашыруу боюнча өнөктөштөр болуп Экономика министрлиги, Туризм Департаментинин атынан Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги саналат.

Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган долбоордун негизги максаттары болуп республикада иснвесторлорду коштоо системасын өркүндөтүү, инвесторлор менен талаш-тартыштарды алдын алуу механизмин бекемдөө, кыргыз Республикасы менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык макулдашуулардын сапатын жогорулатуу саналат.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында, туризм рыногун сегментациялоо боюнча изилдөө жүргүзүлөт жана бул рыноктун атаандаштыкка жөндөмдүү эки сегментин өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча чаралар көрүлөт. Авиакаттамдарды жакшыртуу жана жаңы аба маршруттарын рыноктун эки сегменти боюнча ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү үчүн экономикалык натыйжалуулукка талдоо жүргүзүлөт. Кызматташуунун дагы бир багыты административдик жол-жоболордун электрондук реестрин түзүү болуп саналат. Реестр өлкөдө болгон бардык административдик жол-жоболор жөнүндө маалыматты камтыйт, ыңгайлуу издөө тутумуна ээ жана кыска убакыттын ичинде бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат алууга мүмкүнчүлүк берген форматта уюштурулат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу