Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү

Новости
07-Октябрь 2019-ж.
6213

2019-жылдын 3-4-октябрларында Сеул шаарында Кыргыз Экономика министри С. Муканбетовдун төрагалыгында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү.

Корея Тараптан комиссиянын тең төрагасы Корея Республикасынын экономикалык маселелер боюнча тышкы иштер министри Юн Канг Хён мырза болуп саналат.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы жана Корея Республикасынын эки тараптуу кызматташуусунун эң актуалдуу багыттарын, ошондой эле экономика, соода, инвестиция, каржы, өнөр жай, айыл жана балык чарбасы, билим берүү, туризм, маалымат, маданият, эмгек миграциясын координациялоо, экология, каттоо иши, авиация ж. б. сыяктуу тармактарда мындан ары өнүктүрүү жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүү маселелерин иштеп чыгышты жана талкулашты.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн оң динамикасын, ошондой эле 2019-жылдын июль айында Корея Республикасынын Премьер-министри Ли УАК мырзанын Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарын белгилешти, анын жүрүшүндө мындан аркы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары белгиленген. Бир эле учурда Кыргыз-корей бизнес-форумун жана бизнес-консультацияларды ийгиликтүү өткөрүү белгиленди. 

Тараптар учурдагы экономикалык кырдаал жана эки өлкөнүн экономикасындагы акыркы окуялар тууралуу маалымат алмашты, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун максималдуу натыйжаларына жетүү үчүн кызматташуу тармактарын мындан ары диверсификациялоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.

Тараптар “Менин айылым” долбоорунун ийгиликтүү ишке киришин кубатташты, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (KOICA) жана Корея экономикалык кызматташууну өнүктүрүү фондунун (EDCF) линиясы боюнча жаңы артыкчылыктуу долбоорлорду карап чыгууну, ошондой эле “Түндүк” электрондук мамлекеттик кызматтарын модернизациялоо боюнча долбоорду андан ары ишке ашырууну макулдашышты. Тараптар ошондой эле Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн EDCF жеңилдетилген кредиттөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кайтарымсыз жардам жана кийинки чараларды аткарууну тездетүү жөнүндө Алкактык макулдашууга карата Кошумча макулдашууга жакынкы убакытта кол коюу жөнүндө макулдашышты.

Тараптар айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү продукцияларын жеткирип берүү жана экспорттоо номенклатурасын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты жана Бишкек шаарында бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жана KOIMA (Корея импорттоочулар ассоциациясы) мүчөлөрүнүн катышуусу менен соода миссиясын уюштурууну иштеп чыгууну, көргөзмө-жарманкелерине өз ара катышуу жана бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү, тажрыйба алмашуу, медициналык туризм тармагын өнүктүрүү жана мобилдик “еID” иш-чарасын өткөрүүдө кызматташууну чыңдоого макулдашышты. Мындан тышкары, кыргыз тарап Корея Республикасында ишке орношууга уруксат берүү системасынын (EPS) алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн келип түшкөн эмгек контракттардын санын көбөйтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле, Тараптар Кыргызстандын аймагында жайгашкан, ЭЭЗ аймагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы кызматташуу Корея Республикасынын авиакомпаниялары Кыргыз Республикасына жана үчүнчү өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу учууну ишке ашыруу мүмкүндүгүн талкуулады.

Жыйындын жыйынтыгында Комиссиянын тең төрагалары тарабынан Протоколго кол коюлду.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясынын башчысы жана мүчөлөрүнүн EDCF Аткаруучу директору Ким Тай Су мырза, KOICA Вице-президенти Баек Сук Хи айым менен жолугушуусу болду жана “Magoplant Jeonju R&D Center” картошка уруктарын жана Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода офисине барышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу