Республиканын түштүк аймагы боюнча семинарлар өткөрүлдү

Новости
07-Октябрь 2019-ж.
3958

Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган “Бажы биримдигинин/Евразия экономикалык биримдигинин кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорунун талаптарын түшүндүрүү” мамлекеттик тилде өткөрүлүүчү семинардын алкагында, 1-октябрдан 4-октябрга чейин республиканын түштүк аймагы боюнча: Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларында мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушуулар болуп өттү.

Семинардын негизги милдети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында кабыл алынган жана иштеп жаткан техникалык регламенттердин укуктук ченемдеринин маселелери боюнча, тамак-аш азыктарын ЕАЭБ рыногуна жүгүртүүгө чыгаруунун шарттары жөнүндө жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо боюнча практикалык жана конструктивдүү диалог болду. Тамак-аш продукцияларын көзөмөлдөөнү камсыз кылуучу таңгактоого, маркалоого талаптар жана товарды коштоочу документтер жөнүндө маалымат берилди. Семинардын программасы жалпысынан эң жогорку экспорттук потенциалга ээ болгон продукциялардын экспортунун көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу