ЕАЭБ-Кыргызстан үчүн жаңы рынокторду өздөштүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр

Новости
25-Сентябрь 2019-ж.
7535

Кыргызстандын Евразия экономикалык бирилигинин (ЕАЭБ) курамына катышуусу ата мекендик бизнесмендер үчүн Азия-Тынч океан аймагын (АТР) бир катар өлкөлөрүнүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна чыгуусунун жаңы перспективаларын ачат. Буга Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов өз сөзүндө “Евразия жумалыгы – 2019” негизги панелдик сессияларынын биринде көңүл бурду.

КР экономика министри ЕАЭБ сессиясында спикер катары чыгып сүйлөдү: “Евразия жумалыгы” эл аралык форумунун алкагында глобалдык рынокко интеграциялоо жана АТР рынокторунда мүмкүнчүлүктөр. Ал Кыргызстан үчүн айыл чарба продукцияларынын жана эмгек ресурстарынын айрым түрлөрүн экспорттоо, ошондой эле билим берүү кызмат көрсөтүү жана туризм рынокторун кеңейтүү сыяктуу АТР өлкөлөрү менен кызматташуунун келечектүү багыттарын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө интеграциялык процесс объективдүү реалдуулук катары дүйнөлүк экономиканын жана сооданын өнүгүшүндө негиз салуучу фактор болуп бара жаткандыгы айдан ачык. Кыргызстан интеграциянын максималдуу ийгиликтүү моделдерин колдонууга умтулат. Алсак, мисалы, Азия-Тынч океан аймагында деңизге чыгуучу шарттары жок бир катар мамлекеттер бар экендиги жана ошону менен бирге эле, дүйнөлүк экономикалык процесске ийгиликтүү интеграциялангандыгы биз үчүн көрсөткүч болуп саналат. Бул ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын өнүгүү келечегин кабыл алуу жана аныктоо үчүн пайдалуу тажрыйба, - деп билдирди министр өз сөзүндө. Биз азыр Кытай аркылуу аба ташуу жолу менен АТР алыскы өлкөлөрү менен кызматташууну баштай алабыз, ошондой эле, биз Индия, Шри-Ланка, Сингапур, Түштүк Корея жана башкалар сыяктуу бир катар АТР өлкөлөрүнө түз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча иштеп жатабыз”.

Ошондой эле панелдик сессияда ЕАЭБ менен Бангладеш, Камбоджа, Корея жана Таиланд (ошондой эле-Түштүк Американын айрым өлкөлөрү: Перу, Чили, Эквадор менен) кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлгандыгы айтылды.

Азыркы учурда Сингапур жана Индия менен эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, жакынкы арада ЕАЭБтин КЭР менен соода-экономикалык кызматташуусу жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирет.

Эскерте кетүүчү нерсе, Евразия экономикалык бирлиги негизделгенден баштап ачык тышкы соода саясатын жүргүзүп жатат, анда АТР өлкөлөрү олуттуу ролду ойношот. Бул үчүн олуттуу негиздер бар – бүгүнкү күндө АТР глобалдык интеграциялык агымдардын борбору катары чыгууда. Мисалы, 2018-жылдын мартындагы кол коюлган, Тынч океан аралык өнөктөштүк жөнүндө жалпы бардыгын камтыган жана прогрессивдүү макулдашуу өлкөлөрдү бириктирет, алар дүйнөлүк ИДПнын 13 % дан ашыгын түзөт.

ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин АТР өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү ар дайым өсүп бара жаткандыгын белгилей кетүү керек. Маселен, 2018-жылы ал 294 млрд. доллардан ашкан, бул ЕАЭБтин бардык тышкы соода жүгүртүүсүнүн дээрлик 40% ын түзгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу