“Технопром-2019” технологиялык өнүктүрүүнүн VII эл аралык форуму Новосибирскиде өтөт

Новости
17-Сентябрь 2019-ж.
4042

2019-жылдын 18-20-сентябрларында Новосибирскиде илимий-технологиялык чөйрөдө күтүлгөн окуялардын бири – “Технопром-2019” технологиялык өнүктүрүүнүн VII эл аралык форуму өтөт.

“Технопром-2019” көргөзмөсү экономиканын жана өнөр жайдын жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн аянтча болуп саналат. Көргөзмөнүн максаты-Экономика жана өнөр жай долбоорлорунун экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу.

“Технопром” технологиялык өнүктүрүүнүн VII эл аралык форум-көргөзмөсү: “Жаңы замандын илими: трансформациялоо технологиялары” урааны алдында өтөт. Күн тартибинде - бардык практикалык аспекттер боюнча илимдин маселелерин кароо - инновациялык иштеп чыгуулар, интеллектуалдык укуктарды коргоо, мамлекеттик колдоо механизмдери, изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жогорку концентрациялуу аймактарды башкаруу, бизнес, илим жана билим берүү тармагында фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүдөн техника-киргизилген ишке чейин. Ошондой эле трансформациялоонун технологияларын өнүктүрүү жана өндүрүштөрдү, бизнес моделдерди, ой жүгүртүүнү, коомду трансформациялоо маселелерин кеңири талкуулоо каралган.

Толук маалымат менен www.forumtechnoprom.com веб-сайтында таанышууга же Новосибирск областынын Губернаторунун жана Новосибирск областынын Өкмөтүнүн эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы Сергей Санниковдон +7-383-2386930, 2386934 телефону же ssvi@nso.ru. deal@nso.ru эл. дареги аркылуу тактоого болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу