"Ак-Чыйыр" билим берүү уюму
Саламатсыздарбы? Мен сиздерге кайрылып жатканымдын себеби. Баткен облусунун Исфана шаарында былтыр, тагыраак айтканда 2017-жылы жетим жана жарым жетим балдардын "Ак-Чыйыр" билим берүү уюму, "Ас-Сафа" коомдук кайрымдуулук фондунун жардамы менен ачылган. Ошол жактын директору 1989-жылы туулган Кенжебеков Бакыт Кенжебекович балдарга жана кызматкерлерге бөлүнгөн акчаны өз чөнтөгүнө салып келет. Отчет берген документтеринин баардыгы жасалма. Анткени патенттин квитанциясынын даталары өзгөртүлүп мамлекетке бир канча чыгым алып келүүдө. Ошол жетим балдардын ырыскысын жеп Кара балта шаарынын 4 бөлмөлүү үй жана Бишкек шаарынан да 2 бөлмөлүү үй жана ЛЕКСУС үлгүсүндөгү авто унаа алды. Балдарга бөлүнгөн акча өз максатында пайдаланылбай, бир адамдын кызыкчылыгы үчүн колдонулууда. ошондуктан сиздерден бир чара көрүүңүздөрдү өүнөм.
Ответ на вопрос:

Министрлик, сиздин 2019-жылдын 4-апрелинин №46 “Ак-Чыйыр” билим берүү уюму тууралуу электрондук кайрылууңузду карап чыгып төмөндөгүнү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N117 токтому менен бекитилген, бул жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги макроэкономикалык, монополияга каршы, тарифтик, лицензиялык, инвестициялык, тышкы экономикалык, фискалдык саясат жаатындагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик материалдык резервдер, экономикалык жана региондук өнүктүрүү, мамлекеттик мүлктү, техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү, ошондой эле адал индустрияны, сооданы өнүктүрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана ишкердикти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу, эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Сизди сиздин кайрылууңузга тиешелүүлүгү бар мамлекеттик органдарга кайрылууңузду сунуштайбыз.

Задать вопрос
Поиск
Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение