Госинспекция по метронадзору продолжает информировать граждан по мобильному приложению WhatsApp Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция WhatsApp мобилдик тиркемеси боюнча жарандарга маалымат берүүнү улантат

Новости
17 Май 2016
1411

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция WhatsApp мобилдик тиркемеси боюнча жарандарга маалымат берүүнү улантат.

Республиканын жарандарында Whats App +996 (550) 77-51-12 номери аркылуу таразадан аз тартып берүү жана май куюучу жайлардагы аз куюп берүү фактылары боюнча маалымат берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эми жарандар Кыргызстандын бардык жеринен билдирүүлөрдү, фото жана видео-маалыматтарды жөнөтө алат.

Мындан тышкары, жеке маселелер боюнча жазылууга, кайрылууларды кароонун жүрүшү боюнча билүүгө, Мамлекеттик инспекциянын ишин илгерилетүү үчүн натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды берүүгө болот.

Бул иш-чара калкка мамлекеттик инспекциянын иши жөнүндө маалымат берүүгө, туура эмес өлчөөдөн коргоо үчүн коомчулукка жарандардын укуктары жөнүндө маалымат берүү максатында жүргүзүлдү.

2016-жылдын 14-17 майында 548-телефон чалуу жана 515- билдирүү келип түшкөн. Мамлекеттик инспекция жарандардан өлчөө каражаттары менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат берүүнү улантуусун суранат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение