Экологиялык лабораториялардын кубаттуулугун бекемдөө жөнүндө

Новости
08 Февраль 2016
1694

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистери “Экологиялык лабораториялардын кубаттуулугун бекемдөө: экологиялык лабораторияларда сапатты контролдоо жана камсыз кылуу” темасындагы семинарга катышышты.

Бул семинар курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Финляндия институтунун эксперттеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн, алардын экологиялык мониторинг боюнча аймактык лабораторияларынын, Кыргызгидрометтин, Гидрометеорология Агенттигинин курчап турган чөйрөнү мониторингдөө борборунун, Тажикстандын Курчап турган чөйрөнү коргоо комитетинин стандартташтыруу бөлүмүнүн курчап турган чөйрөнү аналитикалык контролдоо борборунун, Бизнес жана инновациялар борборунун жетекчилигинин катышуусунда болуп өттү. (иштеп чыгуучулар- Digilab лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык система).

SYKE Лабораториялык маселелери боюнча долбоордун эксперти Р.Койвикко NORDTESTTR 569 химиялык лабораториялар үчүн жетекчиликти колдонуу менен лабораториялык сыноолордун сапатын ички контролго алуу боюнча маселелер чагылдырылды. Тактап айтканда, ал лаборатория өкүлдөрүн ички лабораториялык контрол менен лаборатория аралык контрол менен айырмасын салыштырма сыноолор жана квалификацияларды текшерүү программалары менен салыштыруу аркылуу тааныштырды.

Токой агенттигинин экологиялык мониторинг башкармалыгынын сапатты контролдоо боюнча менеджери Т. Шмелева тарабынан сыноолордун жыйынтыгынын сапатына ички лабораториялык контрол жүргүзүү тажрыйбасын Токой агенттигинин лабораториясында ишке киргизүү презентацияланды.

Презентациянын жүрүшүндө DigiLab маалыматтык системасын пайдаланууда сыноолордун алгачкы маалыматтары сакталуу маселелери каралды.

Семинардын жүрүшүндө лабораториялардын аккредиттелүүсүнө тиешелүү, аккредиттелген лабораториялардын жана талапкер-лабораториялардын ИСО/МЭК 17025 эл аралык стандарттардын талаптарын аткаруусу жөнүндө суроо-жооптор угулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение