Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык контролду расмий түрдө алып салды

Новости
28-Октябрь 2015-ж.
2091

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) «Карантиндик фитосанитардык контроль системасын баалоонун жыйынтыктарын жактыруу, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контролдоо) системасы менен тааныштыруу тууралуу» чечим кабыл алды.

2015-жылдын 15-июлундагы ЕЭК Кеңешинин ушул маселени талкуулоону эске алуу менен жүргүзүлгөн эки тараптуу консультацияларынын жыйынтыктары жөнүндө кыргыз жана казак тараптарынын маалыматын эске алуу менен, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылдын 8-майындагы Чечиминин 2-пунктун ишке ашыруу максаттарында, ЕЭК Кеңеши чечим чыгарды:

- карантиндик фитосанитардык контроль системасын баалоонун жыйынтыктарын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контролдоо) системасы менен тааныштырууну жактыруу.

Бул чечим расмий жарыялангандан 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу