«Тоо лыжа кластер» сынамык долбоору иштелип чыкты

Новости
18-Октябрь 2015-ж.
2001

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан «Тоо лыжа кластер» сынамык долбоорун бекитүү тууралуу» токтомдун долбоору 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы ылайык иштелип чыкты жана Өкмөткө киргизилди.

Бул долбоор мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ишкердик субъекттеринин катышуусунда кластердик мамилелердин өнүгүүсүн камтыйт. Ошондой эле долбоордо Ысык-Көл областында 5 тоо лыжа базасынын курулушу (Жыргалаң, Боз-Учук, Челпек, Кереге-Таш, Светлая поляна) жана инфратүзүмдү, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү, салыктык түшүүлөрдү, ошондой эле жумушчу орундарын көбөйтүү киргизилген.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде чакан жана орточо бизнести бийлик органдары менен өнөктөштүктө күчтөрүн бириктирүүгө арналган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу