Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгы Экономика министрлигинин көз карашынан, экспертизасынан көз каранды

Новости
27-Октябрь 2015-ж.
1952

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик органдардын 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгындагы ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын үстүбүздөгү жылдын 16 жана 17-сентябрында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган чыгарылыштары боюнча түшүндүрүү максаттарында, төмөнкүлөрдү билдирет.

Экономика министрлиги эсептөөлөрдүн түзүмү жана форматтары, докладдарды жана отчетторду берүү, негизги көрсөткүчтөрдү пландаштыруу, жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрдүн түзүлүшү жана бул багыттагы аспекттер так көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 токтому менен бекитилген методика боюнча иштин натыйжалуулугун баалоону жүргүзүү боюнча ишти координациялоочу мамлекеттик орган катары өзүнүн позициясын билдирет.

Баа берүү боюнча иш 4 жылдан бери (2012-жылдан тартып) жүргүзүлүп келе жатат, жана аткаруучулар, ар бир органдын жетекчилери бул маселе боюнча компетенцияда. Ошондуктан Экономика министрлиги баа берүү кандайдыр-бир түшүнүксүз критерийлер боюнча жана формалдуу түрдө жүргүзүлүшүнө каршы, бул ИИМ жана МБК өкүлдөрүнүн тийиштүү маалыматка ээ болууга жетишпегендигин айтып турат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу