Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жаатында бардык эле объекттер ЧУАларды сакташа бербейт

Новости
27-Октябрь 2015-ж.
1972

2015-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан Бета Иншаат Ятрымжылык ЖАК ( Бета Сторес”СБ) жана ИФА” ЖЧКсына метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү.

Бета Иншаат Ятрымжылык ЖАК ( Бета Сторес”СБ) өлчөө бирдейлигин камсыздоо жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды сактоосуна жүргүзүлгөн текшерүүдө өлчөө каражаттарынын (ӨК) 24 бирдиги ревизияланды, алардын ичинен өлчөө каражаттарынын 4 бирдиги пайдаланууга жарабайт деп таанылды. Бул ӨКнүн жалпы санынын 16,6% түзөт, бул сатып өткөрүлгөн продукциянын салмагынын аныкталышынын ишенимдүүлүгүндө чагылдырылат жана продукциянын наркына түздөн-түз тиешеси бар.

ИФА” ЖЧКсына метрологиялык көзөмөл жүргүзүүдө өлчөө каражаттарынын (ӨК) 3 бирдиги ревизияланды, алардын ичинен өлчөө каражаттарынын 2 бирдиги пайдаланууга жарабайт деп таанылды, бул өлчөө каражаттарынын жалпы санынын 66,6% түзөт.

Эки учурда тең Мамлекеттик инспекция тарабынан тартип бузууларды жоюуга көрсөтмө берилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу