Кыргызстандын стандартташтыруу жана метрология системасына 88 жыл толду

Новости
22-Октябрь 2015-ж.
1956

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордо (СМБ) жыл сайын 24-октябрда белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология системасынын 88 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү

Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги Султан Ахматов жана башка чакырылгандар катышышты.

Министрдин орун басары К. Жакыпов өлкөнүн премьер-министринин куттуктоосун окуп берүү менен системанын кызматкерлерин куттуктап өттү.

Мыкты кызматкерлер мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болушту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу