Мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЧУА ЖСТТ) методикасы менен таанышышат

Новости
18-Октябрь 2015-ж.
2033

2015-жылдын 19-21-октябрында Соода-өнөр жай палатасында мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-декабрындагы токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЧУА ЖСТТ) методикасы боюнча окутуу семинары болуп өтөт.

Бул семинардын максаты:

- мамлекеттик органдардын кызматкерлерин ЖСТТ методикасынын жоболорун жана талаптарын билүүсүн жакшыртуу;

- мамлекеттик органдардын кызматкерлердин ишкердик ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуусунда ЖСТТ методикасын колдонуу боюнча потенциалын жогорулатуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу