Администрациялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштамалардын объективдүүлүгү бизнес-коомчулуктун баалоосунан көз каранды

Новости
18-Октябрь 2015-ж.
1874

Бизнес-коомчулуктун алдында жөнгө салуучу реформага түздөн-түз катышуунун жана мыйзамдуулукту өркүндөтүү боюнча так сунуштарды: ал бир кыйла көйгөйлүү деп санаган ченемдик укуктук актылардын тизмесин киргизүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү берилип жатат.

Жүргүзүлүп жаткан жөнгө салуучу реформанын жүрүшүндө иштеп жаткан ченемдик укуктук актылардын базасына инвентаризациялоо жүргүзүлдү, анын натыйжасында ишкердик ишин жөнгө салуучу 3 миңден ашуун ченемдик документтер аныкталды.

Ушул жылдын июль айынан тартып мамлекеттик органдарда атайын түзүлгөн жумушчу топтору бул документтерге талдоо жана баалоо жүргүзүшөт.

Реформанын кийинки этабында ченемдик укуктук актыларга бизнес-коомчулук тарабынан талдоо жана баалоо жүргүзүү болуп саналат. Ишкерлер өзүлөрү ченемдик укуктук актылардын бизнеске карата натыйжалуулугун, максаттуулугун жана ынтымак-ырашкерлигин он-лайн режиминде баалашат.

Мамлекеттик органдар октябрдын аягына чейин 3341 документтен ашуун документтерди максаттуулугуна жана зарылдыгына жараша талдоо жүргүзүүлөрү керек.

Буга катар Жөнгө салуучу реформа боюнча кеңештин жумушчу тобу бизнес менен биргеликте ишкердикти алып кетүү үчүн чыгымдуу болгон административдик жол-жоболорду камтыган документтерди аныкташат. Бул бардык документтердин үчтөн бири болуп чыгышы күтүлүүдө.

Бизнес-коомчулуктун ар бир баалоосунан сунуштамалардын канчалык деңгээлде объективдүү боло турганы көз каранды.

Буга байланыштуу, Министрлик сиздердин көз карашыңыздарда өтө эле көйгөйлүү деген ченемдик укуктук актылардын тизмесин берүүңүздөрдү өтүнөт.

ЧУАнын аталышын жана номерин көрсөтүү зарыл.

Маалымат алуу үчүн телефондор: 620535 (149), 624985.

Сунуштар үчүн электрондук дарек: mail@mineconom.kg

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу