Мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулук маселелери тийиштүү органдардын катышуусу менен талкууланды

Новости
01-Октябрь 2015-ж.
1947

2015-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жана Кыргызтемиржолу улуттук компаниясы” Мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргызтемиржолу улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын балансында турган мамлекеттик мүлктү (профилсиз объекттер, жер участоктору) натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланган жыйын өттү.

«Кыргызтемиржолу улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына мамлекеттик ишкананы өнүктүрүүгө республикалык бюджетке киреше жана алардын бөлүгүнөн чегерүүлөрдү алуу максатында профилсиз объекттерди ижарага өткөрүп берүү практикасын жайылтуу сунушталды.

Экономика министрлиги бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана валюталардын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүнө жол бербөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги валюталар рыногундагы абал жөнүндө, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын бааларды турукташтыруу үчүн жана улуттук валютанын алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн өлкөнүн Өкмөтү көргөн чаралар жөнүндө маалымдайт.

Жыл башынан баштап 2015-жылдын 2-октябрына чейин эл аралык финансы рынокторунда 2014-жылы башталган АКШ долларынын дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн валюталарына карата позициялардын күчөшүнүн уланышы байкалууда. 2015-жылдын 2-октябрынын абалы боюнча башка валюталарга карата АКШ доллары орточо эсептегенде болжол менен 21,8% бекемдеди.

Маалымат үчүн: жыл башынан 2015-жылдын 2-октябрына чейин казак теңгеси 48,6 % га , евро – 9,0 % га, россия рубли – 15,6 % га, белорус рубли – 49,1 % га, азербайжан манаты – 33,7 % га, тажик сомониси – 21,9 % га ж.б.у.с .түшүп кетти.

Мындай түшүүлөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр болду:

- дүйнөлүк чийки зат рыногундагы баалардын төмөндөшүнүн улануусу (Brent маркасындагы мунайга болгон баа 2015-жылдын 1-октябрынын абалы боюнча мунай 48,75 долл/баррелди түзгөн жана мурунку жылга салыштырмалуу 48,6 % га төмөндөдү, 2014-жылдын ушул эле мезгилинде 94,9 долл/баррелди түзгөн болчу);

- казак теңгесинин кескин девальвациясы (Казакстан 2015-жылдын 20-августунан тартып теңгенин эркин өзгөрүлмө курсуна өттү, теңгенин алмашуу курсу рынок талабынын жана сунуштарынын негизинде фундаменталдуу ички жана тышкы макроэкономикалык факторлорду эске алуу менен түзүлөт, 2015-жылдын 20-августуна карата түшүүсү 35 % дын тегерегинде болду );

2015-жылдын 2-октябрына карата АКШ долларынын кыргыз сомуна карата расмий курсу жыл башынан бери АКШнын 1 доллары үчүн 58,8865 сомдон АКШнын 1 доллары үчүн 68,8642 сомго чейин 16,9 % га жогорулады.

Валюталык рыноктогу жагдайды жана керектөөчү товарлардын наркына алмашуу курсунун таасирин көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте ай сайын мониторинг жүргүзүлүп туруучу 2015-жылы алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн азайтуу, валюта рыногунда чайкоочулук операциялардын алдын алуу, товарлардын, кызматтардын жана ККМ бааларынын кескин жогорулашына жол бербөө боюнча чаралардын планы иштеп чыккан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу