Өкмөткө Баалуу кагаздардын рыногунда соода уюштуруучусу аркылуу акциялардын мамлекеттик пакеттерин ишке ашыруу жөнүндө жобонун долбоору жөнөтүлдү

Новости
01-Октябрь 2015-ж.
1958

2015-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Өкмөткө Баалуу кагаздардын рыногунда соода уюштуруучусу аркылуу акциялардын мамлекеттик пакеттерин ишке ашыруу жөнүндө жобонун долбоору жөнөтүлдү.

Бул документ акционердик коомдордун мамлекетке таандык акцияларын баалуу кагаздардын рыногунда – фонд биржасын лицензияланган уюштуруучулар аркылуу сатууну ишке ашыруу жол-жобосун аныктайт, ошондой эле баалуу кагаздардын рыногунда кесипкөй, мамлекеттик мүлк башкармалыгы жаатында ыйгарым укуктуу органдын фонд биржасы менен өз ара аракеттенүү иштерин жүргүзүүчү брокердин тендери аркылуу тандоо тартибин бекитет.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзамдын 14-беренесине ылайык, мамлекеттин менчигиндеги фондулук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу менчиктештирүүнүн бирден бир усулу болуп саналары аныкталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу