Мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрү үчүн Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча семинар-тренингдин 2-цикли өткөрүлөт

Новости
27-Сентябрь 2015-ж.
2026

2015-жылдын 28-29-октябрында Экономика министрлигинде Польша Республикасынын (ПР) Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган Кыргызстандагы Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү” темасындагы семинар-тренингдин экинчи цикли өткөрүлөт.

Бул тренингдин максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын кызматкерлерин Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) маселелери менен тааныштыруу болуп саналат. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары МЖӨ демилгелерин ишке ашыруунун Польшадагы укуктук жана тажрыйбалык тараптары, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн тармактарда МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда ПРнын Экономика министрлигинен алгылыктуу тажрыйба алуу менен тааныша алышат.

Тренингдин программасынын алкагында төмөнкү маселелер чагылдырылат:

- Польшадага МЖӨ өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн чара көрүлгөн иш-аракеттер;

-МЖӨ долбоорлорундагы тобокелдиктер;

-гибриддик долбоорлор;

- Польшадагы МЖӨ өнүктүрүүнү колдоонун инструменттери.

Тренингдин лектору болуп Польша Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрү, Варшава ш. мэриясынын жана шаардык башкармалыктын өкүлү Гмине Карчев чыгышат.

Тематикага жана тренингдин максатына ылайык бул иш чарага министрликтердин жана ведомстволордун, Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын жана Кыргызстандагы илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү чакырылат. Кызыкдар болсоңуздар 620535 (+5051) телефону аркылуу Качкынбай кызы Жылдызга кайрылыңыздар.

Боло турган тренинг окутуучу семинарлардын экинчи раунду болуп саналат.

КРнын мамлекеттик органдарынын 60ка жакын өкүлдөрү катышкан биринчи раунд 2015-жылдын 2-3-июнунда болуп өткөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу