Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ЧУА бардык эле обьекттер сакташпайт.

Новости
27-Сентябрь 2015-ж.
1993
2015-жылдын 21-сентябрында Экономика министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан «Бета Иншаат Ятрымжылык» ЖАК («Бета Сторес» СБ) жана «ИФА» ЖЧК метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү.

Өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ЧУАсактоо предметине текшерүүнүн жүрүшүндө «Бета Иншаат Ятрымжылык» ЖАК («Бета Сторес» СБ) өлчөө каражаттарынын (ӨК) 24 бирдигине ревизия жүргүзүлдү, алардан ӨК 4 бирдиги колдонууга жараксыз деп таанылды. Бул ӨК жалпы санынан 16,6%ды түзөт, бул сатылуучу продукциянын салмагын аныктоонун аныктыгында чагылдырылат жана продукциянын баасына түздөн-түз таасирин тийгизет.

«ИФА» ЖЧК метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүүдө, ӨК 3 бирдигине ревизия жүргүзүлгөн, алардан ӨК 2 бирдиги колдонууга жараксыз деп таанылган, бул өлчөө каражаттарынын жалпы санынан 66,6%ды түзөт.
Эки учурда тең, Маминспекция тарабынан бузууларды жокко чыгарууга эскертүү берилди.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу