ЦАРЕС 14чү министрлик конференциясынын алкагында иштин артыкчылыктуу багыттары жана көрүлүүчү демилгелер боюнча прогресске баалоо жүргүзүлдү.

Новости
24-Сентябрь 2015-ж.
1983

2015-жылдын 25-сентябрында Улан-Батор шаарында, Монголияда Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Монголиянын, Азербайжандын, Кытайдын, Афганистандын жана Пакистандын делегацияларынын, Азия өнүгүү банкынын, Реконструкциялоо жана өнүгүү европа банкынын, Эл аралык валюта фондунун, Ислам өнүгүү банкынын, Дүйнөлүк соода уюмунун, БУУ Программасынын жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен министрлик конференция болуп өттү.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасында ЦАРЕС программасынын улуттук координатору, экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыпов, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев катышышты.

ЦАРЕС (Борбор азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык) 14чү министрлик конференциясынын алкагында ЦАРЕС ишинин төрт артыкчылыктуу багыттары боюнча, ошондой эле жаңы көрүлүүчү демилгелер боюнча прогресске баалоо жүргүзүлдү.

Транспорт жаатында авто унаа жолдорун жана темир жолдорун курууга, реконструкциялоого жана модернизациялоого инвестициялык долбоорлор аркылуу мультимодалдык транспорттук коридорлордун түйүнүн өнүктүрүү, физикалык эмес чаралар боюнча өз ара толуктоочу секторалдык демилгелердин топтомун ишке ашыруу боюнча демилгелер улантылууда.

Энергетика жаатында региондогу технологиялык секирикке колдоо көрсөтүү үчүн жаңы элемент катары таза энергиянын технологиялары жана энергия натыйжалуулук менен энергетикалык стратегия жана иштердин планы (2016-2020-ж.) жактырылган.

Соодага көмөк көрсөтүү жаатында бажылык кызматташуунун демилгелери боюнча прогресс белгиленген, ал транспортко жана соодага көмөк көрсөтүүгө интеграцияланган ыкманын маанилүүлүгүн, саясат жана жөнгө салуу жаатындагы реформалар менен инфратүзүмдүн байланышын көрсөтөт.

Ошондой эле, ушул конференцияда Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча аракеттердин платформасы жана санитардык жана фитосанитардык чараларды модернизациялоо боюнча жалпы программа сыяктуу стратегиялык документтер кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу