Кыргыз- россия региондор аралык кызматташууну чыңдоо алкагында 7 меморандумга жана жыйынтык резолюцияга кол коюлду

Новости
21-Сентябрь 2015-ж.
2199

Бүгүн 4-чү Кыргыз-Россия региондор аралык конференциянын жүрүшүндө эки өлкөнүн региондор аралык кызматташтыгын чыңдоого багытталган 7 меморандумга жана жыйынтык резолюцияга кол коюлду.
КР Экономика министри О.Панкратов белгилегендей, бул Конференция эсеби боюнча төртүнчү болуп саналат жана бул иш-чара туруктуу нукту тапты десек болот. Белгилеп кетчү нерсе, Россия Кыргызстандын стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. 2015-жылдын январь-июлуна КР РФ менен соода жүгүртүүсү 878 млн. АКШ долларын түзгөн. Россия Федерациясы Кыргызстандын чет өлкөлүк өлкөлөр менен 2014-жылдагы товар жүгүртүүсүндө биринчи орунду ээлейт, товардын жалпы жүгүртүүсүндөгү анын үлүшү 25,9%, анын ичинде экспортто- 6,5%ды, импортто дээрлик 32,3%ды түзгөн, 2015-жылдын январь-июлунда товардын жалпы жүгүртүүсүндөгү анын үлүшү 27,7%ды, экспортто- 6,6%ды жана импортто-35%ды түзгөн.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну чагылдыруучу көрсөткүчтөрдүн бири Кыргызстандын экономикасына россиялык инвестициялар болуп саналат. Россиядан Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында 76 млн АКШ долларын түздү.

Россиянын колдоосунда Жогорку-Нарын каскадынын ГЭС курулушу башталды жана Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу пландалууда.
Россия тарабынан финансылык колдоосунда бажы посттору. өткөрүү пункттары жана лабораториялар Евразия экономикалык союздун стандарттарына шайкеш келген керектүү жабдуулар менен жабдылды.
Союзга мүчө-мамлекеттердин салык органдары жана бажы кызматтарынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча иштер толук көлөмдө аткарылды.

ЕАЭСке кирип биз, дүйнөлүк рынокто айрыкча жагымдуу жана атаандаштыкка туруктуу болуп калдык, бул Кыргызстанга инвестициялардын агымы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул багытта Россия Кыргызстан менен кызматташтыкта 1 млрд. АКШ доллары көлөмүндө капиталы менен Кыргыз-Россия Өнүгүү фондун түзүү менен чоң салым кошту. РФ менен КР катышуусу менен ири инвестициялык, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашыруу стадиясында.

Толук масштабдуу регионалдык экономикалык интеграция Кыргызстан үчүн туруктуу экономикалык өсүш, өнөр жай, энергетика. транспорт, айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой кызмат көрсөтүү жана туризм чөйрөсүндө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Бул конференциянын уюштуруучулары КР Экономика министрлиги, РФ Экономикалык өнүгүү министрлиги.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу