ЕЭК нын өкүлдөрү семинарда Бажы биримдиги кабыл алган 12 техникалык регламенттери боюнча презентация өткөрүштү

Новости
10-Сентябрь 2015-ж.
2033
Бүгүнкү күндө бизнес, жарандык коом жана көзөмөл органдары тарабынан машиналардын, жабдыктардын, автомобилдик бензиндердин жана дизелдик отундардын, жардыргыч заттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын техникалык каражаттардын коопсуздугу тармагында техникалык регламенттердин жоболорун түшүндүрүү боюнча көптөгөн суроолор жаралып жатат.

Ушуларды эске алуу менен 2015-жылдын 10-сентябрында КР Экономика министрлиги тарабынан, Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү боюнча бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын катышуусунда семинар уюштурулду.

Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин эксперттери Аккредитация жана шайкештикке баа берүү тармагын координациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Илья Новиков , Аккредитация жана шайкештикке баа берүү тармагын координациялоо бөлүмүнүн консультанты Игорь Максимов өткөргөн презентациянын жүрүшүндө ББ ТР нин кабыл алган 12 техникалык регламенттери боюнча суроолоруна жооп алышты, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин алкагында милдеттүү талаптар орнотулган бажы биримдигинин аймагына ташып келүү маселелери боюнча жана ЕАК нын транспорт каражаттарынын шайкештигине баа берүү боюнча суроолоруна жооп ала алышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу