Глобалдуу жана региондук соода рынокторунда кыргызстандын экономикасынын интеграциясын жогорулатуу женева ш. талкууланды

Новости
03-Сентябрь 2015-ж.
2130
""Швейцариянын Женева шаарындагы БУУнун Улуттар Сарайында 2015-жылдын 2-сентябрында туруктуу өнүгүү – ченемдер, стандарттар жана алдыңкы тажрыйбанын өнүгүүсү үчүн экономикалык дараметти ачып берүү боюнча жогорку деңгээлдеги Эл аралык конференция болуп өттү.

БУУнун имаратында борбор шаарлардан жана Женевадагы өкүлчүлүктөрдөн/Миссиялардан келген жогорку саясий деңгээлдеги делегация катышкан ушул окуя үчүн атайын даярдалган жарманке уюштурулду. Жолугушууга Женева, Брюссель жана Венадан эл аралык уюмдардын, агенттиктердин жана институттардын башчылары да катышышты.

Кыргыз делегациясын КР Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов баштап жүрдү. Делегацияга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директорунун орун басары Нурбек Максутов, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Женева шаарындагы ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы эксперти Назира Султанова да кирди.

К. Жакыпов сатуу боюнча региондук жана ааламдык желедеги төмөнкү жана орточо деңгээлдеги кирешелүү өлкөлөрдү интеграциялоо боюнча сессияда республиканы алып чыкты. Сатуу желелери туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуудагы негизги элемент болуп эсептелет. Ошого карабастан, бул рыноктордо товарларды жайгаштырууда жогорку талаптарды эске алуу менен кыйынчылык менен жете турган максат боюнча кала берет. Алардын көпчүлүгү адамдын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн саламаттыгын жана коопсуздугун коргоо үчүн керек; бул маанилүү социалдык тармактар үчүн залалсыз соода тоскоолдуктарын алып салуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү болуп эсептелет.

Министрдин орун басары К.Жакыпов өзүнүн презентациясында артыкчылыктуу планда кандай тоскоолдуктар болушу керек жана БУУнун ЕЭК менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн Кыргыз Республикасында соодалашууда жөнгө салуучу жана жол-жоболоочу тоскоолдуктар боюнча изилдөөдө аныкталган жыйынтыктарды ишке ашыруу үчүн кандай кадамдар жасалгандыгы жөнүндө суроо жөнөттү.

Ошол эле күнү К. Жакыпов БУУнун ЕЭК Башкы катчылыгынын орун басары, аткаруучу катчысы Кристиан Фрисс Бах менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары ааламдык соодалашуу рыногундагы Кыргызстандын интеграциясын жогорулатуучу мындан аркы кызматташууну чыңдоого жана демилге түзүүгө өзүлөрүнүн ниеттерин ырасташты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басарлары башкармалыктардын жана БУУнун ЕЭК долбоордук демилгелеринин координаторлору менен эки тараптуу жолугушууларга катышышты, анда айыл чарбасындагы сапат стандарттары, лабораторияларды жана изилдөө институттарын стандартташтыруу саясаты, техникалык жөнгө салуу жана электрондук бизнес маселелери талкууланды.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу