Экономика министрлиги КРда индустриалдык парктар жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоого чакырууда

Новости
27-Июль 2015-ж.
2003
Кыгрыз Республикасынын Экономика министрлиги бардык кызыкдар тараптарды «КР индустриалдык парктар жөнүндө» иштелип чыккан мыйзам долбоорун талкуулоого чакырат.

Бул мыйзам долбоору атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгаруучу заманбап жогорку технологиялык өндүрүштөр үчүн шарттарды түзүүгө жана өндүрүштүк обьекттерди жайгаштырууга даярдалган заманбап аянтчаларга инвесторлордун сурамын канааттандырууга багытталган.

Индустриалдык паркты түзүүнүн максаты экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, инвестициялык ишти активдештирүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, заманбап өндүрүштүк жана рыноктук инфратүзүмдү түзүү болуп саналат.

Ошондой эле негизги милдеттер болуп: эл аралык стандарттарга шайкеш келген, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарган, заманбап жогорку технологиялык, илимге сыйымдуу өндүрүштөрдү түзүү; сырьёну кайра иштетүү даражаларын тереңдетүүнүн эсебинен өнөр жай продукциясынын импортту алмаштыруучу жана жаңы экспортко багытталган түрлөрүн түзүү; жаңы жогорку өндүрүмдүү жана көп төлөнүүчү жумуш орундарын түзүү жолу менен өнөр жайда эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу саналат.

Жогоруда белгиленген мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн www.gov.kg расмий сайтында жана КР Экономика министрлигинин www.mineconom.gov.kg. расмий сайтында жайгаштырылган.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу